• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КСДП мындан ары Жанар Акаевге саясий колдоо көрсөтпөйт – Аманкулов

Саясат 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. КСДП саясий партиясы мындан ары депутат Жанар Акаевге саясий колдоо көрсөтпөйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов билдирди.

“Биз башка эч нерсе кылбайбыз, анткени Жанар Акаевге карата өзүбүздүн пикирибизди билдирдик. Кечээ партиянын саясий кеңеши болуп, анда бардык мүчөлөр катышты жана Жанар Акаевди курамдан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынып, ал бир добуштан колдоо тапты”,-деди М.Аманкулов.

Анын айтымында, саясий кеңешмеге дээрлик бардык депутаттар катышты, көп сөздөр айтылды жана Ж.Акаевди колдогондор болгон жок. “Анын көз карашын түшүнбөй жатышканын айтышты. Ал КСДП фракциясынын желеги менен мандат алып, Жогорку Кеңешке келди. Бирок, бүгүн партиянын көз карашын колдобой жатат, анын пикири партиянын пикирине каршы келүүдө”,-деди ал.

“Биз ага саясий колдоо көрсөтпөө тууралуу чечимге келдик. Башкача айтканда аны жумушчу комиссия жана башкаларга көрсөтүүдө анын талапкерлигин чакыртып алабыз. Депутат болобу же жокпу биз анын уятына койдук. Депутат болор-болбосун ал өзү чечет”,-деди М.Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий