• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КСДП партиясы бекемдик сыноосунан өттү – КР ардагерлер кеңеши

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери КСДП партиясы өлкө үчүн эң оор мезгилдерде өзүн татыктуу көрсөткөнүн, ошондуктан кыргызстандыктар келечектеги президентти тандоодо партиянын жетишкендиктерин эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Бишкек шаардык Свердлов райондук “Коргоо министрлигинин ардагерлер кеңешинин” Коомдук бирикмесинин төрагасы, запастагы полковник Сергей Швабенланд “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында бул уюмдун өкүлдөрүнүн атынан кайрылуу окуду.

“Биздин республикабыз маанилүү саясий окуянын алдында турат. Биз Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлайбыз. Биз, КР куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, мамлекеттин алдындагы бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен жогорку мамлекеттик кызматка татыктуу талапкерди колдоого чакырабыз”, - деп сүйлөдү Швабенланд.

Ал бирикменин бардык ардагерлеринин атынан 2000-жылдан берки туруктуулукту, келечекке болгон ишенимди сактоо гана демократиялык мамлекеттин пайдубалын түптөй турганын көрсөткөнүн белгиледи.

“Биз өлкө үчүн эң оор күндөрү КСДП партиясы бекемдик сыноосунан өткөнүн көрдүк. Дал ушул КСДП партиясы экономикада олуттуу өзгөрүүлөрдү жасап, коррупцияга согуш жарыялап, калкка жүзүн буруп, социалдык көйгөйлөрдү чындап чече баштады”, - деп улантты полковник.

Ардагерлер КСДП партиясы КР президенттигине Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги менен алдына чыныгы максаттарды коюуда. Ал бийликке саясий багытты кармануу керектигин жакшы түшүнүп калды.

“Биз бийликке Сооронбай Жээнбековдун келиши менен республикада элдин жашоосунун бардык тармактарында чыныгы саясат ишке ашырылмакчы. Кыргызстандыктарга чыныгы туруктуулук, сабырдуулук жана улантуучулук керек”,- деп жыйынтыктады кайрылуусун Швабенланд.

Пикир

Оставить комментарий