• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КСДП президенттикке башка талапкер көрсөтпөйт - Зулпукаров

Саясат 0

Бишкек, 15-июнь / Мирлан Киизбаев – Кабар/.КСДП фракциясы президенттикке экинчи талапкерди көрсөтөт деген маалымат – ушак”,-деп билдирди депутат Төрөбай Зулпукаров.

Анын айтымында, КСДПнын аймактык өкүлчүлүктөрү Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин жакшы кабыл алышты.

“Аймактагы КСДП партиясынын өкүлчүлүктөрү Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин абдан жакшы кабыл алышты. Саясий кеңеш бир добуштан анын талапкерлигин колдогон. Бизде дагы башка талапкерди көрсөтүү планыбыз жок. Бул жөн гана ушак”,-деди депутат өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, КСДП учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөткөн болчу. Анткен менен айрым маалымат булактары КСДП президенттикке экинчи талапкерди көрсөтөт экен деген маалыматтарды жазып чыгышкан. Тагыраагы, ЖК төрагасы, КСДПнын мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун аты аталып жаткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий