• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КСДП: Ренат Самудиновдун партиянын жаштар канатынын “лидери” статусун өзүнө ыйгарып алууга укугу жок

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Ренат Самудинов болобу же башка бирөөбү КСДПнын жаштар канатынын “лидери” статусун өзүнө ыйгарып алууга укуктуу эмес. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Биздин партияда Ренат Самудинов сыяктуу эки миңден ашуун жаш активисттер бар. Алардын ар бири партиянын өлкөдөгү баштапкы жана аймактык партиялык уюмдарында иштешет. Учурда партиянын ичинде жаштар канаты сыяктуу бөлүктү түзүү чечими расмий түрдө кабыл алынган эмес.

Ошол эле учурда Саясий кеңеш тарабынан жаштарды партиялык иштерге активдүү тартуу жана алардын өкүлдөрүн КСДПнын башкаруучу органдарына аралаштыруу маселелери иштелип жатат. Балким, Р.Самудиновдун аракеттери жана билдирүүлөрү башка жаш активисттердин алдында ачылып жаткан келечектүү мүмкүнчүлүктөр менен байланыштуу болушу ыктымал.

Ушу кезге чейин КСДП Р.Самудиновдун жүрүм-турумуна жакшы ниет менен мамиле кылып келди. 2010-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин ал башка саясий бирикме түзүп, КСДПнын катарынан чыгып кеткен. Бирок, ушундан кийин дагы анын партиялаштары ага тилектештик кылып, аны партиялык иштерге тартууга кайрадан макул болушкан.

Партиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган ар бир пикир партия тарабынан колдоого алынат. Бирок, партиянын уставына ылайык, ал партиянын же анын кайсы бир түзүмдүк бөлүктөрүнүн атынан чыгууга тиешелүү укуктарга ээ болбосо, анын жеке пикири катары саналат", - деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий