• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КСДП шайлоого талапкерин аныктады

Саясат 0

Бишкек, 15-июль /Кабар/. 2017-жылдын 15-июлунда Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) кезектеги 16-съезди өттү.

Партиянын Штабынын пресс-кызматы кабарлагандай, Съезд буга чейин өлкө боюнча партиянын конференцияларында шайланган райондук, шаардык 680 делегаттын башын кофту

Съезддин кароосуна эки маселе кирген: 15-съезден кийинки партиянын бир жылдык иши боюнча маалымат жана “КР Президенттигине талапкер чыгаруу”.

Эки маселе теӊ боюнча КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов доклад жасады. Ал съездде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштоо тууралуу айтып, партиянын уставы боюнча съезддин чечимин ар бир партиянын мүчөсү аткарышы керектигин эскертти. Эгер көпчүлүк делегаттар президенттикке талапкер катары С.Жээнбековго добуш бере турган болсо, КСДПнын башка мүчөлөрү партиянын дисциплинасын сактап, ошол кишиге гана үгүт жүргүзүшү керек. Партиянын уставындагы мындай талапты ким болбосун аткарбаса, өзүн-өзү партиядан чыгарат жана андай адамга “КСДПдан орун жок”.

Андан соң съездде делегаттар жарыш сөзгө чыгышты. Алар Сооронбай Жээнбековдун чынчылдыгын жана принципиалдуулугун белгилеп, аны партиянын ишине берилген, компетенттүү жана энергиясы толуп турган, партияда көп жылдык тажрыйбасы бар инсан катары баалашты.

“Сооронбай Жээнбеков – бул коомдогу стабилдүүлүк, тынчтык жана президент Алмазбек Атамбаевдин позитивдүү баштаган иштерин аягына чыгара турган инсан”, - деди Кыргыз Республикасынын Баатыры, Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов өз сөзүндө.

“Эгер башка талапкерлердин программасына салыштыра турган болсок, Сооронбай Жээнбеков авторитаризмге каршы чыккан, Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрө турган жападан-жалгыз талапкер”, - дейт съезддин делегаты, окумуштуу-социолог Кусейин Исаев.

«Сооронбай Шарипович эч качан коррупциялык схемаларга аралашкан эмес, ал абдан чынчыл жана ишенимдүү адам», - деп эсептерин делегат Бекмырза Зулуев ѳз сѳзүндѳ билдирди.

«С.Жээнбеков премьер-министр болгондон тартып акыркы бир жылда ѳлкѳдѳ олуттуу ѳсүш байкалууда. Ал жѳнѳкѳй адам экени, элге жакындыгы, ошондой эле компетенттүү, иштей ала тургандыгы кѳрүнүп турат. Анын учурунда экспорт ѳстү жана биз, заводдо иштегендер үчүн бул ѳтѳ маанилүү белги экенин байкадык», - деди делегат Надежда Роговцева.

«Сооронбай Жээнбековдун артында КСДП, президент Алмазбек Атамбаев жана жаш профессионалдарданкуралган команда турат. Алар жаӊы президентке жардамберип, ѳлкѳнүн кайрадан авторитаризмге жана үй-бүлѳлүк кландык башкарууга кайтып барбашына башкы кепил болупберишет», - деп эсептерин делегат Нодирбек Каримов айтты.

Съездде ошондой эле Жогорку Кеӊештин тѳрагасы Чыныбай Турсунбеков сѳз сүйлѳдү. Ал КСДПнын ичиндеажырым жоктугун, бирок талапкерлигин ѳз алдынча коюутууралуу ойлонуп жатканын белгиледи.

Отурумда ошондой эле КР Президенттик кызматынаталапкер Сооронбай Жээнбеков сѳз сүйлѳдү. Ал ѳз сѳзүндѳ ѳлкѳнүн учурдагы абалына кандай караары, Кыргызстандын калкы ага ишеним арткан шартта ѳзүнүн келечектеги аткаруучу иштеринин негизги багыттарытууралуу айтып берди.

Делегаттар Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигинчоӊ стажы бар партиялаш, чынчыл, тажрыйбалуу адам жанажетекчи катары колдошту. Съезд С.Жээнбековду алдыдагыпрезиденттик шайлоого карата бирдиктүү талапкер катары бир добуштан жылдырды.

Партиянын съездинин ишине ар кыл ММКдан 102 журналист, бѳлѳк партиялардын ѳкүлдѳрү, саясыйаналитиктер, жаш активисттер коштогон конокторкатышышты.

Пикир

Оставить комментарий