• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КСДП талапкеринин документтерин БШКга тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШКга КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун документтери тапшырылды. Эскерте кетсек, КСДП партиясы 15-июлдагы партиянын 16-съездинде Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөн болчу.

БШКнын расмй сайтында маалымдалгандай, мындан тышкары, БШКга өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары, чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти жана "Аалам" саясий партиясынын лидери Малиев Арсланбек Касымакуновичтен арыз келип түшкөн.

БШКнын 16-июлга карата маалыматына ылайык, 24 өзүн өзү көрсөткөн талапкерден арыз түшкөн:

Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев.

Ошондой эле, 5 талапкер партиянын чечими менен көрсөтүлгөн:

Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы,, С. Жээнбеков - «Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы” саясий партиясы.

Пикир

Оставить комментарий