• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КСДПнын Бишкектеги аймактык уюму С.Жээнбековдун талапкерлигин колдоду

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Бишкекте, кечээ, 10-июлда, КСДП партиясынын Бишкек аймактык уюмунун жыйыны өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов белгилегендей, шаардык аймактык уюм КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоп, аны көрсөтүү чечимин кабыл алышты.

“Учурда райондук жыйындар өтүп бүттү. Баштапкы партиялык уюмдар өз делегаттарын көрсөтүштү. Мындан тышкары, партиялыктардын талапкер боюнча уюштуруучулук маселелери бар. Райондордо саясий кеңештин С.Жээнбековдун талапкерлигин коюу чечимин кабыл алышты”, - деди ал.

М.Аманкулов саясий кеңеш эмне себептен С.Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүп жатканын айтып берди.

“Жээнбеков – тажрыйбалуу, оор басырыктуу, салмактуу саясатчы. Ал чарбалык бөлүктү да жакшы билет. Өзүн жакшы көрсөткөн, пиар кылуу деген аз, адамдарга жагат. Ал президентибиздин тарапташы, биз аны жакшы билебиз. Партиялаштар үчүн ачык адам, ошондуктан аны бир добуштан колдоп жатышат”, - деди ал.

Жыйындын соңунда ар бир райондон 25 адамдан 100 делегат шайланды.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары саясий кеңештин С.Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин колдоп добуш беришти.

Булагы: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий