• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КСДПнын депутаттарынын жарымы Саламаттыкты сактоо министринин отставкага кетүүсүн колдогон жок

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. КСДП фракциясында Саламаттыкты сактоо министри Таланбек Батыралиевди отставкага кетирүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бирок, депутат Асель Кодуранова “Кабар” агенттигине билдиргендей, добуш берүүдө ССМ башчысына байланыштуу 2 маселе көтөрүлгөн.

“Биринчиси – Талантбек Батыралиевдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысындагы иштеринин канааттандырбаганын таануу тууралуу, экинчиси – анын отставкасын талап кылуу тууралуу. Добуш берүүдө депутаттардын пикири тең экиге бөлүндү”,-деди ал.

Эскерте кетсек, ЖМКларда КСДП фракциясы министр Т.Батыралиевди отставкага кетирди деп жазып чыгышкан.

А.Кодуранова билдиргендей, министр кызматына президент дайындайт, ошондуктан ал кол коет, отставка үчүн кетүү тууралуу арызы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий