• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КСДПнын коалициядан чыгуу ниети жок - Аманкулов

Саясат 0

Бишкек, 24-март /Мирлан Кийизбаев – Кабар/. Коалициянын таркашы тууралуу чыккан имиштер ырасталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов билдирди.

“Коалиция таркабайт. КСДПнын коалициядан чыгуу ниети жок. Бул маселе азырынча күн тартибине коюлган эмес, буга себеп да жок, бул жөн гана имиш”, - деп билдирди М.Аманкулов.

Эскерте кетсек, бүгүнкү коалиция 2016-жылы 3-ноябрда буга чейинки коалиция КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын өз ара пикир келишпестиктерине байланыштуу таркаган соң түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий