• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өмүркулов: Турсунбековго эч ким кысым көрсөткөн жок, ал өзү мындай чечимди кабыл адды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чыныбай Турсунбековго эч ким кысым көрсөткөн жок, ал өзү ЖК Төрагалыгы кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алды,-деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Анын айтымы боюнча, Турсунбеков Төрагалык кызматта жакшы иштеди жана өзү кызматтан кетүүдө. Бул мактоого татыктуу жана көпчүлүк үчүн жакшы мисал боло алат. Эч ким ага кысым көрсөткөн жок, ал өзү мындай чечимди кабыл алган.

Өмүркулов ага ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган Төрага калыс жана иш билги болооруна ишеним артты.

Эске сала кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди.

Пикир

Оставить комментарий