• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КСДПнын съездинде С. Жээнбековдун талапкерлиги бекитилет - депутат

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. КСДП саясий партиясынын съездинде саясий кеңеш тарабынан КРнын президенттигине премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги бекитилет. Бул тууралуу аталган партиянын депутаты Бакыт Жетигенов билдирди.

“Саясий кеңеш С. Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми съездде аны бекитет. Башка кандидат чыгат экен деген – ушак”, - деди Б.Жетигенов.

Мындан тышкары депутат, аймактык өкүлдөр С. Жээнбековдун талапкерлигин бир ооздон колдошконун айтты. “Мен шайлоочулар менен дагы сүйлөштүм, эч кандай маселе жок. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү С. Жээнбековду колдоого алышууда. Менимче съездде анын талапкерлигин бекитебиз. КСДПдан президенттикке бир эле талапкер болот”,- деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, “КСДП” учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин президенттикке көрсөткөн болчу. Анткен менен айрым маалымат булактары КСДП президенттикке экинчи талапкерди көрсөтөт экен деген маалыматтарды жазып чыгышкан. Тагыраагы, ЖКнын төрагасы, “КСДП”нын мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун аты аталып жаткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий