• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүлдү. Бул тууралуу Жогорку кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлады. Анын айтымында, комиссиянын курамы 16-майда белгилүү болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ишти баштабай туруп өзүнө ири суммада айлык чегерген «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү бүгүн, 15-майдагы парламент жыйынында сунуш кылган.

Эл өкүлү «аталган ишкананын артында өкмөт башчынын жакын туугандары бар» деген сөздөр тарап жатканын белгилеп, парламент бул маселеге көңүл буруп, компаниянын артында ким турганын иликтеп чыгышы керек экенин айткан.

«КТ Мобайл» - «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган.

Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты четке кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Пикир

Оставить комментарий