• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны болду. Эмне жөнүндө сөз болду?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Мамлекеттик «Кыргызтелеком» ААКсына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев, «Кыргызтелеком» ААКсынын төрагасы Эмил Акматов, "Мегаком" компаниясынын директору Акылбек Жамангулов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Алгач комиссия мүчөлөрүнө жогоруда аты аталган кызмат адамдары «КТ Мобайл» компаниясы 2003-жылы түзүлгөндөн тарта ишмердүүлүгү боюнча учкай маалымат беришти. Компания 2014-жылы КР Өкмөтүнүн тиешелүү токтомдору менен лицензия алган. Бирок 2018-жылга чейин каражат маселеси чечилбегендиктен иштеген эмес. 2018-жылы 27 мГц жыштыгына ээ болуп, өлкөдө төртүнчү мобилдик операторду ишке киргизүү боюнча чечим кабыл алынган. Аны ишке ашырууну аукциондо "Мегаком" компаниясы 345 млн сомго утуп алган.

Жыйын жүрүшүндөгү суроо- жооп маалында «КТ Мобайл» компаниясынын директоруна айлык каралбагандыгы, ал эми анын орун басарына 157 миӊ сом айлык чектелип, 4 ай берилгендиги белгилүү болду.

"Мегаком" компаниясынын директору Акылбек Жамангулов аталган компаниянын орун басарынын атасы Иманкадыр Рысалиев менен 3 ай мурун таанышып, андан көп өтпөй конфликт башталганын, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде анын жетекчилиги астында бир нече жыйын өткөрүлгөнүдүгүн, аталган компаниянын тезинен ишке кирип, иштеп кетиши үчүн каражат которуусун талап кылып, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө баргандыгын ачыкка чыгарды.

Депутат Жанарбек Акаев бул компания башында атамекендик мобилдик оператор түзүү максатында жакшы ниетте болгондугун айтып, бирок аны бир ууч топ өздөрүнүн кызыкчылыгында башкарбашы керектигин, мамлекеттик бюджет сарамжалдуу, туура пайдаланылышы зарылдыгын билдирди. Депутат Мирлан Жээнчороев жогоруда белгиленген коркутуп-үркүтүү боюнча тезинен КР Башкы прокуратурасына кат жолдоону сунуш кылды. Депутат Марлен Маматалиев бул компаниянын штаттык бирдиги, бюджети жана башка жагдайлары боюнча комиссиянын кийинки отурумуна толук маалыматты талап кылды.

Комиссия мүчөсү, депутат Алмазбек Баатырбеков чечим кабыл алынып, иш компаниянын башкаруу маселесине келгенде конфликт башталгандыгы белгилүү болуп калды деп, бул жагдайдын экономикалык кызыкчылык жагын дагы кароо керектигин билдирди. Мындай пикирди кубаттаган депутат Гүлшат Асылбаева ошону менен катар аталган компаниядагы кызматка алуу маселесинде мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдын сакталышы боюнча дагы тиешелүү мекемеден расмий корутунду алуу керектигин айтты. «Жогоруда аталган сумманын каржыланган 5 млн сому кайсы багыттарга жумшалгандыгы боюнча так бөлүштүрүлгөн маалымат берсеӊер. Ошондой эле «Билайн» сыяктуу башка компанияларга карыздар эмнеден келип чыккандыгы боюнча да маалымат алып келгиле»,- дейт комиссия мүчөсү Акылбек Жапаров.

Комиссиянын келерки жыйынына ушундай бир катар тапшырмалар чакырылгандарга берилгенден соӊ, депутаттар комиссиянын мындан башка уюштуруу маселерин чечүүгө өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий