• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«КТ Мобайл» компаниясынын башчысы алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. «Кыргызтелеком» ААК компаниясынын башкаруучулугунун чечими менен 2020-жылдын 29-январында Мирлан Кубаталиев «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын PR-менеджери Албина Туратбекова билдирди.

Анын айтуусунда, компаниянын башчысы Мураталы Жакыпов берген арызына ылайык өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

Кубаталиев мурда аталган компаниянын коммерциялык департаментинин башчысы болуп иштеп келген.

Эске сала кетсек, Улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы - «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, ошондо эле уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган.

Пикир

Оставить комментарий