• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму 31-майда болот

Коом 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму 31-майда болот. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирген.

Пикир

Оставить комментарий