• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«КТ Мобайлдын» ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу боюнча токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Иликтөө ишин тездетүү максатында Эсептөө палатасынын кызматкерлери тартылды. Иликтөө жүрүшүндө премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Курманкул Зулушев депутаттык комиссиянын корутундусу угулуп жатканда билдирди, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясынын алдында «КТ Мобайл» компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага 27 МГц көлөмүндө жыштык берилген. кийин «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компаниялары биргелешип иш алпаруу үчүн өз ара келишим түзгөн. Келишимдин шарттарына ылайык, «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы, «КТ Мобайл» компаниясынын 27 МГц жыштыгы бар, экөө бириккенде – 97 радиожыштык болот. «КТ Мобайл» компаниясынын виртуалдуу оператор катары «Мегаком» аркылуу иш жүргүзүүсү үсүн 345 млн сом берилген.

«КТ Мобайл» компаниясы бюджетке киреше алып келбегени, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаганы, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизгиз эле өтө өтө чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сыйакылар ырааттуу төлөнүп келген. Андан тышкары, «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болду. Ошондон улам, компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу баш болгон бир топ кызматкерлер кызматынан өз каалоолору боюнча бошонуп кеткени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында депутаттар Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар.

Пикир

Оставить комментарий