• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КТРК Спорт футбол боюнча Азия чемпионатын көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. КТРК Спорт телеканалы 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган футбол боюнча Азия чемпионатын көрсөтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

КТРК Спорт каналы Азия Кубогунун алкагында өтө турган беттештердин баарын көрсөтөт, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Группалык оюндар (Бишкек убактысы боюнча):

7-январь, 17:00

Кытай – Кыргызстан

11-январь, 22:00

Кыргызстан – Түштүк Корея

16-январь, 19:30

Кыргызстан – Филиппины

Пикир

Оставить комментарий