• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“КТРК Спорт” футбол боюнча ДЧнын бардык оюндарын көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. "КТРК Спорт" каналы 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын бардык 64 беттешин тең көрсөтөт. Бул тууралуу аталган телеканалдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алган.

""КТРК" жана "Маданият.Тарых.Тил" каналдары бир убакытта өткөн оюндарды түз алып көрсөтө баштайт,-деп айтылат маалыматта.

Беттештердин программасы менен www.ktrk.kg сайтынан тааныша аласыздар.

Эске сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында өтөт: Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Сочи.

Пикир

Оставить комментарий