• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КТРК-Спорт каналы Мэйуэзер менен Макгрегор ортосундагы күрөштү түз алып көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. КТРК-Спорт каналы америкалык боксчу Флойд Мэйуэзер кенже жана ирландык мушкер Конор Макгрегор ортосундагы беттешти түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине телеканалдын кызматкери Асылбек Бактыбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргыз телеканалы түз алып көрсөтүү үчүн лицензия алды.

Күрөш 27-августта Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 9:00дө көрсөтүлөт.

Алдын ала маалыматка караганда, күрөш 26-августта Лас-Вегас шаарында өтөт.

Business Insider маалыматына ылайык, ирландык мушкер күрөш үчүн 75 миллион АКШ долларын алса, америкалык 100 миллион алат.

40 жаштагы Мэйуэзер профессионалдык карьерасында 49 күрөшкө катышып, 49 жолу жеңишке кетишкен (26 нокаут). Ирландык мушкер 24 ЭЭТ эрежеси боюнча 24 күрөшкө катышып, 21 ирээт жеңишке жетип (18 нокаут), 3 жолу жеңилген. Макгрегор уулдуу болгонуна байланыштуу карьерасын токтотуп койгон.

Пикир

Оставить комментарий