• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КТРК-СПОРТ Мьянма-Кыргызстан ортосундагы оюнду түз алып көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.10.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянма ортосундагы беттешти КТРК-Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Футбол федерациясынан кабарлашкандай, 10-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30да эки кураманын ортосундагы оюн көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, оюн Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда өтөт.

Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.

Пикир

Оставить комментарий