• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРК-Спорт Мэйуэзер жана Макгрегор беттешин көрсөтүү мезгилин билдирди

Спорт 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. КТРК-Спорт телеканалы америкалык боксчу Флойд Мэйуэзер кенже менен ирландиялык спортчу Конор Макгрегордин беттешин түз эфирде көрсөтүүнү пландап жатат.

КТРК-Спорттун продюсери Шайырбек Арапов Facebook баракчасына: “КТРК жана КТРК-Спорт каналдарынын түз эфиринде 27-августта 07:00дө International prelim show (Live), 09:00 Конор Макгрегор жана Флойд Мэйуэзером (Live)”, - деп жазган.

Белгилүү болгондой, бокс эрежелери боюнча таймаш 26-августта Лас-Вегас шаарында өтөт.

Business Insider маалыматы боюнча, ирландиялык спортчу 75 миллион доллар, америкалык – 100 миллион алат.

40 жаштагы Мэйуэзер 49 профессионалдык таймаш өткөрүп, 49 жеңишке жетишкен. Ал эми ирландиялык 24 беттештин 21ин жеңип, 3 ирет утулган. Макгрегор уулдуу болгонуна байланыштуу карьерасын убактылуу токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий