• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КТРК-Спорт Шевченко менен Нуньестин мушташыш көрсөтүшү мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. КТРК-Спорт АКШда өтө турган UFC мелдешти боюнча Валентино Шевченко менен бразилиялык Аманда нуньестин муштатыш көрсөтүшү мүмкүн.

КТРКнын Башкы директору Илим Карыпбековдун айтуусуна караганда, беттешти алып көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, эгерде телеканал лицензия алса расмий түрдө маалымат берилет.

UFC өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында маалымдагандай, Деметриус Джонсон ооруп калганына байланыштуу Рэй Борг менен беттешпей калган. Андыктан кеченин башкы окуясы Шевченко менен Нуньестин беттеши болмокчу.

Шевченко менен Нуньес 9-сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында беттешет.

Белгилей кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июль күнү болмок. Бирок кармашка аз убакыт калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий