• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКдагы саясий чыгарылыштарга демөөрчүлүк кылууну токтотуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КТРКда шайлоого карата чыгарылуучу үгүт материалдарынан сырткары саясий чыгарылыштарга демөөрчүлүк кылууга тыюу салуу сунушталды. Мындай пикирди эксперттер КТРК боюнча мыйзамды өзгөртүү тууралуу талкууда билдиришти.

Катышуучулар буга мисал катары “Ой ордо” берүүсүн келтиришти. Эксперттер КТРК мындай көрсөтүүлөрдү башкалардын жардамысыз чыгаруусу керектигин, мындай учурда көрсөтүү эч кимге көз каранды болбой турганын жана эл аралык талаптарга да жооп берерин кошумчалашты.

Ал эми КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бул сунуштун мааниси деле жоктугун билдирди.

“Мындай көрсөтүүлөрдө калыстыкты кармоо өтө кыйын. Эгерде шайлоо бүткөндөн кийин кайсы бир партия өзүн жарнама кылууну кааласа эмнеге биз ага тыюу салышыбыз керек. Чындыгында, мен дагы коомдук биринчи каналда жарнама болбошу керек деп эсептейм. Бирок, биз муну жасасак, анда бул, эртен Кыргызстан Швейцария болушу керек деген менен тең болуп калат. Чындыкка түз карашыбыз керек. Биз оттун башына КТРКны коюп, аны ВВС менен салыштырып жатабыз. Ооба ВВСде жарнама жок. Бирок, алардын жылдык бюджети 9 млрд АКШ долларын түзөт. Бизге 400 млн сом которулат анан жарнамага тыюу салыш керек экен. Бирок 200 млн ретрансляцияга кетээрин эч ким эске алган жок. 100 млн айлык акыга, 500 миң салыкка кетет. Жыйынтыгында, КТРКнын иштешине аз эле акча калат. Биз 6 каналды жана 5 радиону багабыз”- деди Илим Карыпбеков.

Ошондой эле, И. Карыпбеков жеке каналдар КТРК берип жаткан контентти камсыз кылбай тургандыгын кошумчалады. “КТРКнын жарнама берүүсүнө лимит коюну сунуштап жаткандар 24 саат бою “Баластанды” же “Спортту” көрсөтөбү?”, -деген суроо берди.

КТРКнын башкы директору Грузиянын коомдук каналын мисал кылып, ал жакта жарнама берилбей тургандыгын, бирок, алардын бюджети өлкөнүн ички дүң продукциясынын 1,5%пайызына карата түзүлөөрүн кошумчалады.

“Бизде 162 саат контент өтөт, анын 1% пайызын саясат толтурат, бирок эмнегедир баардыгын ушул маселе кызыктырат”, - деди И. Карыпбеков.

Пикир

Оставить комментарий