• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КТРКга жарнама берүүгө чектөө киргизүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 6-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Өлкөдөгү жеке каналдар КТРКга жарнама берүүдө чек коюну сунушташты. Мындай пикирин жеке каналдардын өкүлү Дмитрий Ларькин, коомдук телерадиокомпаниясы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, КТРК мамлекеттен каржыланат, ошондой эле өздөрүнүн да каражаттары бар. Анткен менен КТРК өлкөдөгү жарнамалардын дээрлик 30% пайызын алат.

“КТРКнын берген отчетуна ылайык, өткөн жылы 200 млн сом өздөрүнүн каражаты бар болсо, мамлекеттик каржылоо 400 млн сомду түзгөн. Кыргызстандагы жарнама базары болгону 6 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми КТРК ошол акчанын 30%пайызын алат. Учурда Орусиянын ОРТ каналына да жарнама берүүгө уруксат берүү маселеси каралып жатат. Бул биз үчүн өтө коркунучтуу. Себеби, жарнаманын жарымы ошол жакка кетип калышы ыктымал. Мындан улам КТРКга жарнама берүүнү чектөөнү сунуштайбыз. Себеби каражаттын тартыштыгынан улам, жеке каналдар контентти жакшыртууга жана мамлекеттик тилге өтүүгө чамасы жетпей, жабылып калышы мүмкүн”,- деди Дмитрий Ларькин.

Өз кезегинде, КТРКнын өкүлү, телеканалдын бардык бюджетинин 70% пайызы ретронсляцияны жабууга кетээрин айтты.

“Мындан тышкары, КТРКда 700 гө чукул кызматкер бар болсо, кошумча жумушка тартылгандар менен биригип 1000ге чукул кызматкер эмгектенет. Алардын баарына айлык акы төлөнөт”,- деди КТРК өкүлү.

Эскерте кетсек, бүгүн эксперттер, депутаттар, коомчулук КТРКга берилген жарнама боюнча талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий