• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы болуп Азамат Болгонбаев шайланды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Болгонбаевдин талапкерлигин кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришкен.

"Ошондой эле бүгүнкү жыйында КТРКнын башкы директорунун радиоуктуруу боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып бир добуштан бекитишти. Мындан тышкары, орусиянын биринчи каналы менен КТРКнын келишими узартылып, тажрыйба алмашуу багытында жана Москвадагы бөлүмдү бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун КТРКнын башкы директору Жайнак Усөн уулу билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төраганы куттуктап, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий