• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 2018-жылдагы отчету тармактык комитетте жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 27 - майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулду.

Анда айтылгандай, Мамлекет башчысынын иш сапарларын чагылдыруу улантылып, коомчулуктун негизги талаптары талданып турган. Бул багытта маалымат берген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Жекшеев, - “Көчмөндөрдүн 3 - дүйнөлүк оюндарын өткөрүү, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын, КТРКнын 60 жылдыгын белгилөө сыяктуу ири маарекелер былтыркы жылдагы аткарылган негизги иштерден болду. КТРКнын жаңы жетекчисинин шайланышы да калыстыктын ачыктыгын көрсөттү”, - дейт.

Талкууда депутат Аида Исмаилова КТРК аркылуу кетип жаткан дары – дармектерди рекламалоодон түшкөн кирешелерге кызыкты. Ошондой эле жарнамаларды жайгаштырууда, иш кагаздарынын текшерилиши кандай тартипте жүргүзүлөөрүн тактады. Бул суроого жооп берген КТРКнын Башкы директору Жайнак Үсөн уулунун маалымдашынча, жалпы жарнак иштеринин 1%ы – дары – дармектерге туура келсе, 5%ын социалдык жарнамалар түзөт.

Депутат Садык Шер – Нияз КТРК “Кыргызтелефильм” турганда сериалдарды тартып, каражат коротпой эле коюш керектигин эскертти.

Жарнамалоонун кыйыр түрлөрү орун алып жатканын кантип билсе болооруна депутат Алмазбек Токторов кызыкты.

Ар бир аткарылган иштерге коротулган каражаттардын эсеп – чотун кага турган аудиторлук анализ кандай жыйынтыктарга алып келүүдө? Бул суроонун жообун депутат Альфия Самигуллина күттү.

Депутат Тазабек Икрамов телепрограммалардын позитивге көбүрөөк ыкташы керектигин айтып, негативден оолак болбосок, көрүүчүлөрдүн, анын ичинде жаш муундардын психикасын негативге толтуруп албайбызбы? – деп чоочулады.

Телекөрсөтүүлөрдүн сурдокотормочулардын жардамы менен эфирге чыгуусун талап кылган депутат Д.Бекешовдун сунушун эске салган тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 2018 – жылдын отчету дагы деле болсо 2015 – 2016 – 2017 – жылдардагы отчеттордон айырмаланбастыгын айтып, эсептик элементи эле өзгөрбөсө, мазмундук жагынан жаңылык таба албагандыгын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 2018 - жылдагы отчету тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Эми бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле комитет олтурумунда “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда жактырылды. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндөгү” мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу маселе да бул жолку комитет олтурумунун күн тартибинде талданды.

Пикир

Оставить комментарий