• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКнын башкы директору кырсыкка кабылды, врачтар анын өмүрү үчүн күрөшүп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылды, абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

«2017-жылы 1-мартта саат 9:00го карата Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы врачы Алмаз Кубатбеков билдиргендей, борбордун кызматкерлеринин жумушчу күнү оор абалдагы бейтап Илим Карыпбековго тез арада операция жасоо менен башталды. Врачтар журналист жана КТРКнын башкы директорунун өмүрү үчүн күрөшүп жатышат, азырынча үмүт бар”,-деп жазат Е.Баялинова.

Медициналык тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егорь Борисовдун айтымында, А.Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгынан жабыркаган жаранга жардам берүү тууралуу сигнал станцияга 03:12 де түшкөн. Зейнеп Байымбетованын жетекчилигинде 001 реанимациялык бригадасы окуя болгон жерге 12 мүнөттө жеткен.

Жабыркоочу тез арада жогорку квалификациялуу адис-реаниматологдорго туш келип, жүрөгү токтоп калгандан кийин транспорттоодо толук реанимациялык иш-чараларды жүргүзүшкөн. И.Карыпбеков оор жаракат алган, врачтар анын абалын туруктуу оор деп баалашууда.

Пикир

Оставить комментарий