• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. Каналдын расмий сайтында маалымдалгандай, 2019-жылдын 19-мартында телеканалдын учурдагы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгат.

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча, талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өздүк таржымалын, өмүр баяны, паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн, жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.

Бул документтерди КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына жөнөтүү керек. Дареги: Бишкек шаары Жаш Гвардия бульвары, 59; тел.: 0 312 656721 же sovetotv@gmail.com деген электрондук дарекке жөнөтүшү керек. Сынакка катышуу арызын 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин, бардык документтерин жабык конвертке салып, “КТРКнын Башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүүсү керек.

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер Байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда Байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагы баскычта коюлган талаптарга ылайык тандалып, өткөн гана талапкерлер чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий