• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда Кыргызстан элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалганын белгиледи.

“Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августа министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашованын “КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун президенттин администрациясына киргизүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу багытында иштелип чыкты”, - деди ал.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев толук расмий тилде көрсөткөн канал ачууну сунуштаса, депутат Дастан Бекешев каржыны үнөмдөө багытында мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалап, айрымдарын сатуу керектигине токтолду.

Өз кезегинде, министр “5-канал” жана “Пирамида” телеканалдарын сатууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

“Бирок мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ЖМКлар да болушу шарт”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий