• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“КТЖ” МИнин профсоюзу рейдерлик басып алуу тууралуу билдирди

Коом 0

Бишкек, 23-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын профсоюзу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексти рейдерлик жол менен басып алган деп айыптоодо.

“Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында “КТЖ” МИнин профсоюз башчысы Эрнис Докенов билдиргендей, ММБФнын 7-марттагы №511 буйругу менен мамишканага таандык “Локомотивди” “Мүлк” МИнин карамагына өткөрүп берүү чечимин чыгарган.

“Бул жөнөкөй коррупция экени анык. Биз, темир жолчулар, КР мыйзамдарын, ошондой эле биздин конституциялык укуктарыбыздын ММБФ жетекчиси Болсунбек Казаков тарабынан одоно бузууларга катуу иренжидик. Биз тапкан кирешелерибиздин эсебинен, темир жол тармагынын эмгекчилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгы жана спорт менен алектенүүсү үчүн “Локомотивди” курдук, ал эми Казаков аны бизден алып, “Мүлк” МИге коммерциялык багытта колдонууга берип жатат. Бул жөн гана рейдерлик эмес, маңызында, чыныгы бандиттик тоноочулук”, - деп эсептейт ал.

Э.Докенов мындай чечимдерди кабыл алуу өкмөттүн компетенциясында болгондуктан, Б.Казаков өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгын билдирди.

“Биз, анын мамлекеттик мүлккө карата мыйзамсыз аракеттери бир жолку эмес, тутумдуу мүнөзгө ээ болгондуктан, Болсунбек Казаковдун коррупциялык укук бузууларга катыштыгы бар экендигин билдиребиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий