• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КУАУнун 7 студенти Костромада бир семестр окушат

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин (КУАУ) 7 студенти Костромада бир семестр окушат деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, тажрыйба алмашуу Кыргыз Улуттук Агрардык Университети менен Кострома Мамлекеттик Айыл чарба Академиясынын ортосундагы келишимдин алкагында жүргүзүлүүдө.

Кызматташтыктын максаты Болон процессинин жана Россия-Кыргыз Техникалык университеттери Консорциуму менен иштешүүнүн алкагында академиялык мобилдүүлүктү активдештирүү болуп саналат.

Ошентип төмөнкү студенттер Костромада бир семестр окушат:

Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинен Жеңишбек уулу Дастан, Анарбаев Ниязбек, Асанова Жазира, Абдубалиев Бакыт, Тиленбаев Рустам.

Инженердик – техникалык факультеттен Болгоналиев Нурлан, Ойбеков Айбек.

Пикир

Оставить комментарий