• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Куба 43 жылдан бери биринчи жолу президентин шайлады

Дүйнө 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кубанын Улуттук ассамблеясы өлкө президенттигине Мигель Диас-Канелди шайлады. Бул тууралуу Куба парламентинин Твиттердеги билдирүүсүндө айтылат.

Куба президенттигине 17 талапкер ат салышып, Диас-Канель үчүн 605 депутаттын 579у добуш берген.

1976-жылы Кубада президенттик кызмат жоюлган. Мамлекет башчынын милдетин Мамлекеттик кеңештин төрагасы аткарган. Президенттик кызмат 2019-жылдын башында калыбына келтирилип, өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ал парламент тарабынан беш жылда бир жолу шайланат. Президент эки жолу гана шайлануу укугуна ээ.

Диас-Канель Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы болуп 2018-жылдын апрель айынан тарта иштеп жаткан. Ал коммунисттик революциядан бери Кубаны жетектеп келе жаткан Кастронун үй-бүлөсү менен байланышы жок алгачкы адам.

Кубанын жаңы Конституциясы 2019-жылы февралда референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Аны кубалыктардын 73% колдогон. Бийлик түзүмүндөгү айрым өзгөрүүлөрдөн тышкары, баш мыйзам жарандардын жеке менчикке болгон укугун жана эркин рынокту тааныган.

Пикир

Оставить комментарий