• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кубада мобилдик интернет орточо маяна менен тең: 4 Гб интернет 30 доллар турат

Дүйнө 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Кубанын жашоочулары 6-декабрдан тарта мобилдик телефон аркылуу интернет колдоно баштады. Мамлекеттик ETECSA телеком-монополиясы билдиргендей, байланыш сапаты начар убакта бул өлкө үчүн олуттуу кадам.

Кубанын калкынын саны 11,2 миллионду түзөт. Анын жарымынын уюлдук телефондору бар. Бирок, баары эле интернет колдонууга чамасы жете бербейт.

ETECSA компаниясынын жетекчилигинин айтымында, 600 мегабайт интернет 7 доллардын тегерегинде, 4 Гб интернет 30 долларга чейин болот. Топтому жок 100 мегабайт 10 долларды түзөт, Reuters агенттиги жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Кубанын калкы орточо айлык акыны 30 доллардын тегерегинде алышат.

Ал эми Кыргызстанда 6-10 Гб интернет топтомун жумасына 90-100 сомго (1,2 – 1,8 доллар) жана бир айга 30 Гб интернет топтомун 8-9 долларга алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий