• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кубакы ашуусундагы көпүрөдөн унаа кулап, бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болду (тизме)

Кырсык 0

Бишкек, 27.11.17./Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымындагы Кубакы ашуусундагы көпүрөдөн бир унаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 26-ноябрда катталган.

Андан, “Тойота” үлгүсүндөгү унаа сууга кулап, унаанын ичинде төрт адам болгон. Алдын ала маалыматка караганда, алардын бардыгы каза болгон.

Алар:

1. Айдоочу- Ж. М.1964-жылы туулган;

2. Аялы-Т. Д. 1969-жылы туулган;

3. Кызы-М.К. 1990-жылы туулган;

4. Небереси- Т.К. 2017-жылы туулган;

Билдирүүдө айтылгандай, каза болгон жарандар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий