• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында көрсөтүлгөн.

Буга чейин кыргызстандык спортчу 6-орунда турган.

Учурда Кубанычбек Айбек уулу 349 упайы менен 3-орунга жайгашкан. Ал 60 кг чейинки салмакта мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий