• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кубанычбек Айбек уулу Россиядагы дзюдо боюнча Европа Кубогунда коло медаль алды

Спорт 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Кубанычбек Айбек уулу Россиядагы дзюдо боюнча Европа Кубогунда коло медаль алды. Бул тууралуу КР дзюдо улуттук федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы 1-3-апрелде Туладагы (Россия) Европа ачык Кубогуна катышкан.

Кыргызстан командасынын курамында жаштар курамасынын ага машыктыруучусу Азамат Жасыбаев жана өспүрүмдөрдүн ага машыктыруучусу Ислам Баялинов жетектеген 11 спортчу барган.

К.Айбек уулу 5 таймаштан өтүп (4 жеңиш, 1 жеңилүү), 50 кг салмак категориясында өспүрүмдө арасында коло медаль алды.

66 кг салмак категориясында чыккан Нурсалим Ильичбек уулу 5 беттешүүгө чыгып (3 жеңиш, 2 жеңилүү), 7-орунду ээледи.

“Умарбек Амиржанов да 90 кг салмак категориясында 5-орунду ээледи. Ал учурда июлда Бишкекте өтө турган Азия чемпионатында медаль алат деп ишеним арткан спортчуларыбыздын бири”, - деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий