• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовду колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.09.17. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште КР Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кулматов Кубанычбек Кеӊешовичтин талапкерлиги каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи.

“Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес, бирок ишти алга жылдыруу аркеттери жасалат”, - дейт ал.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кулматов Кубанычбек Кеӊешович Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган. Кубанычбек Кулматов болсо ушу тапта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий