• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечим бүгүн калаадагы Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

УКМКнын тергөөчүлөрү соттон анын камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну сурашкан. Сот өтүнүчтү канааттандырган.

Ошентип, мурдагы калаа башчы 28-сентябрга чейин камакта калтырылды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

18-июнда Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовду камакта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий