• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындалат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Ал буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий