• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кубанычбек Омуралиев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек. 12.03.19 /Кабар/. Кубанычбек Омуралиев Касымович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Омуралиев буга чейин Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий