• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кубанычбек Таабалдиев: Коомдогу туруктуулукту орнотууда ЖМКнын ролу абдан маанилүү

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде “Кыргызстан жаңы шарттарда” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага ЖМК жетекчилери, эксперттер жана саясат таануучулар катышты.

Тегерек столдо учурдагы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, коронавирустук пандемиянын таасири жана кесепеттери, чек ара кризисинин айрым учурлары жана бул процесстерде ЖМКнын ролу талкууланды.

Тегерек столдун уюштуруучусу, “Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевдин айтымында, Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда ЖМКнын ролу абдан маанилүү.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары негизги процесстердин жүрүшүнө активдүү таасир этет. Ушуга байланыштуу, ички саясий туруктуулукту чыңдоо, калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылуу максатында ЖМК жетекчилери жана эксперттер менен кеңейтилген жыйын өткөрүүнү чечтик. Келечектеги пландарда экперттердин катышуусунда ЖМКнын медиа-клубун же биримдигин түзүп, ал аянтчаны ар кандай окуяларга өз убагында реакция кылуу үчүн колдонуу сунушу бар. Башкача айтканда, биригип, өлкө жетекчилиги менен биргеликте, ички жана тышкы сасий процесстерге реакция кылуу”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий