• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кубанычбек уулу Айбек дзюдо боюнча дүйнө биринчилигинде 2 атаандашын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Кубанычбек уулу Айбек өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө биринчилигинде ийгилик жаратууда. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Мароконун Марракеш жеринде өтүүдө. Кыргызстандын атынан 3 спортчу катышууда.

Кубанычбек уулу Айбек мелдештин 1/16 финалында 60 кг чейинки салмакта казакстандык Шерзод Давлатовду уткан. Кийинки беттеште россиялык Хетаг Батаевден күчтүү экенин көрсөттү.

Биринчиликте кыргызстандык Асад Масабиров (73 кг) жана Адил Мырзаев (81 кг) да күч сынашат.

Масабиров килем үстүндө өзбекстандык Мухаммад Жумаев менен тирешет. Ал эми, Мырзаев Шуо Ли (Китай) менен Давид Карапетян (Россия) беттешинен кимиси жеңсе, ошол спортчуга туш болот.

Пикир

Оставить комментарий