• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Кубанычтын көз жашы. Данил ата-энеси менен жолукту – видео

Коом 0


Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Акча өндүрүү максатында 12 жаштагы баланы уурдагандар кармалды.

Чүй облустук милициясы Ысык-Ата ИИБнин кызматкерлери менен биргеликте баланы Бишкектин жогору жагындагы Панорама деп аталган аймактагы гараждардын биринен табышкан. Баланын абалы жакшы.

Чүй облустук милициясында бала ата-энеси менен жолугуп, кубанычтан баардыгы көздөрүнө жаш алышкан.

Данилдин туугандары милиция кызмматкерлерине, журналисттерге жана ыктыярчыларга ыраазычылыктарын билдиришкен.

Белгилей кетсек, 12 жашар Данил Браилкинди Кант шаарынан бүгүн уурдап кетишкен. Белгисиз бирөөлөр ак түстөгү "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, баланы уурдап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий