• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кубатбек Боронов Казакстан Республикасынын элчиси менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокребаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

К.Боронов К.Кокребаевди Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөөгө багытталган ишинде зор ийгиликтерди каалады. Андан соң тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун бир нече маселелерин талкуулашты.

«Кыргыз жана казак тараптын мамлекеттик органдары тарабынан «Жол картасынын» алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер аткарылууда. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн Президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулар жигердүү түрдө жүзөгө ашырылууда», – деди биринчи вице-премьер-министр.

К.Кокребаев өз тарабынан товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алуудагы мамлекет башчылардын макулдашууларын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу билдирип, Казакстандын тармактык вдеомстволорунун жетекчилеринин Кыргызстанга пландалып жаткан сапарлары жөнүндө маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий