• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кубатбек Боронов кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.19. /Кабар/. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өттү. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз сөзүндө республикабыздын инвестициялык потециалына токтолуп, түрк ишкерлерин биргелешкен инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Түрк бизнесмендерине «Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы» маалыматтык тутуму сунушталды. Анда республиканын облустарынын жана райондорунун экономикалык көрсөткүчтөрү камтылып, инвестициялык долбоорлор жана инфраструктура объекттери жана жаратылыш ресурстары менен жер тилкелери көрсөтүлгөн.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын жана өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган кызматташуу тууралуу 6 Меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары эки өлкөнүн 350 өкүлү катышкан форумдун алкагында Кыргыз Республикасында иштеген 33 түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл өттү.

Түрк компанияларына бизнес үчүн түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берилип, бул тармактагы актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашылды.

Түрк ишкерлери Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты оңдуу мүнөздөшүп, аны менен бирге бизнес жүргүзүүдө орун алган тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгилешти.

Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) өткөн иш-чара Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги, Түркиянын Соода палаталарынын жана товардык биржаларынын биримдиги, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыш боюнча кеңеши жана Түркиянын Экспортчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий