• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов кызматтан кетип, Садыр Жапаров премьердин милдетин аткаруучу болду

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп шайланды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын "Достук" мейманканасында өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кеткендиги айтылды.

Эскертке кетсек, Садыр Жапаров 2018-жылы адамды туткунга алуу беренеси боюнча 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Жапаров борбор калаада болуп өткөн митингден кийин, бүгүн анын тарапташтары тарабынан абактан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий