• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кубатбек Боронов: Өлкөдө жылытуу мезгили туруктуу өтүп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Электр жабдууларын өз убагында оңдоонун, көмүрдү зарыл болгон көлөмдө ташып киргизүүнүн жана Токтогул суу сактагычында суу топтоо боюнча аткарылган иш-чаралардын натыйжасында өлкөдө жылытуу мезгили туруктуу өтүп жатат. Бул тууралуу 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр даярдоо иштери Өкмөттүн тапшырмасына ылайык жүрүүдө.

"Өлкө боюнча көмүр даярдоо маселеси – канааттандырарлык. 2020-жылдын 10-январына карата учурдагы план өлкө калкын көмүр менен камсыздоодо - 93,69%га жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн - 106,14%га аткарылган. Республика боюнча жалпысынан 727 отун базасы уюштурулуп, калкка көмүр сатуу үчүн көчмө пункттар иштеп жатат",- деди Кубатбек Боронов.

Буга катар ал билдигендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2020-жылдын 5-февралына карата – 13,415 млрд м3 түзгөн. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине (15,406 млрд м3) салыштырганда 1,99 млрд м3га азыраак.

"Бул көрсөткүчтөр, суунун азаюу мезгили башталгандыгын билдирет. Муну эске алуу менен тиешелүү иш-чараларды көрүүбүз зарыл",- деп баса көрсөттү Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын керектөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен мындан ары карай үзгүлтүксүз камсыздоону улантуусуна, отун мазутун бекитилген графикке ылайык өз учурунда жана толук көлөмдө жеткирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

«Жылытуу мезгили толук аяктаганга чейин эки ай бар. Мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, мекемелердин жетекчилери терс жагдайлар болуп кетпеши үчүн жылытуу мезгилинен чыгуудагы абалды күн сайын контролдоп, жөнгө салып турушу зарыл. Күзгү-кышкы мезгилден чыгуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн берген тапшырмаларын аткара албаган жетекчилерге карата Өкмөттөн тийиштүү чара колдонуларын эскертип кетем», - деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Кубатбек Боронов тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, алдыга коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий