• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кубатбек Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы тутумдун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 11-июлда, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы бир катар автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын иши менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

"ЭЛЕК" ветеринардык сертификаттарын электрондук көзөмөлдөө тутумун камсыздоо боюнча маалыматтык автоматташтырылган программанын ишинин, малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун, малдын илдеттери боюнча райондук маалыматтык тутумунун жана DOGS иттерди каттоо жана идентификациялоо тутумунун бет ачары болду.

КРнын Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдиргендей, көрсөтүлгөн тутумдар Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана киргизилген.

"Үзгүлтүксүз ишти камсыздоо үчүн 90 компьютердик жабдуу сатып алынып, орнотулуп, адистер тиешелүү окутуудан өтүштү.
Бүгүнкү күнү автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуучу ветеринардык көзөмөлгө тийиштүү товарлар үчүн 600 ашуун ветеринардык сертификаттар берилген. Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун арты менен объекттерди, субъекттерди каттоо аяктады. Республика боюнча идентификациялоодон 1676,1 миң баш ири мүйүздүү мал өткөрүлүп, маалыматтык тутумга 1598,0 миң ири мүйзүдүү мал киргизилген", - деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, көрсөтүлгөн платформаларды бузуулардан таасирдүү коргоо тутумун түзүү зарыл.

"Белгиленген программаларды ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук потенциалга оң таасирин берет. Продукцияларды экспортко ашууда документтердин тизмеси талап кылынат. Автоматташтырылган тутум малдын башынын тутумун таанууга шарт түзөт. Маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен лабораториялар ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсү үчүн аларды модернизациялоо иштерин улантуу керек", – деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий