• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кубатбек Боронов Ош шаарынын ЖЭБине барды

Коом 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарынын ЖЭБине барды.

Биринчи вице-премьер-министрге маалымдалгандай, жаратылыш газы жана мазут аркылуу иштеген Ош шаарынын ЖЭБи күз-кыш мезгилине 100% даяр. Белгилесек, аталган ишкана шаардын турак-жай фондунун 50%ын, ошондой эле бир катар социалдык мекемелерин жылуулук менен камсыздайт.

Биринчи вице-премьер-министр алдыдагы жылытуу мезгилинде жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык иштердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы маанилүүлүгүн белгиледи.

«Даярдык иштерин жылытуу мезгилин күтүп отурбастан, алдын-ала өткөрүү зарыл. Бул оңдоо иштерине да, көмүр жана мазут сатып алууга тендердик документтерди даярдоого да тийиштүү», - деди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр Кең-Сай массивинде аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүүчү текстилдик фабриканын курулушу менен таанышты, мында келечекте жети миң адам жумуш менен камсыздалат.

Долбоорго ылайык, биринчи блок - административдик имаратты жана цехти ишке киргизүүнү жыл аягына чейин аяктоо жана 2019-жылдын башында өндүрүштү баштоо пландалууда.

Баштапкы баскычында үч миңге жакын адам иш менен камсыз болушат. Жалпысынан, долбоорго ылайык, фабрикада жети цех иштейт. Биринчи вице-премьер-министр бул долбоорго оң баа берүү менен белгилегендей, Өкмөт бул башталышты кубаттайт жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзгөн инвесторлорду ар тараптуу колдоого даяр.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий