• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облусуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош жана Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Ош шаарында Кубатбек Боронов өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынан тийиштүү жабдууну ташып келүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Ал лабораториялар фермерлерге айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн шарттарды түзүү иретинде керектигин жана лабораторияларды аккредитациялоону Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу баса белгиледи.

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды көчүрүү максатында жер тилкелерин трансформациялоо зарыл болгон Ош жана Жалал-Абад облусунун бир катар айыл округдарына барды.

Ал белгилегендей, жерлерди трансформациялоо маселесин өз убагында жана мыйзам чегинде гана чечүү зарыл.

Андан соң Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы 2017-жылы көчкүдөн жабыркагандар үчүн турак үйлөрдүн курулушуна атайын трансформацияланган Орто-Сай тилкесине барды.

Биринчи вице-премьер-министр жашоочулар менен жолугушуп, алар бул тилкеде инфраструктураны жакшыртуу боюнча каалоо-тилектери тууралуу айтып беришти.

Мындан кийин Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жайгашкан «Фулл Голд Майнинг», «Эти Бакыр Терек-Сай» жана «Каз Минералз Бозумчак» алтын кен ишканаларынын ишмердиги менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий